БДССУ COVID-19 менен ооруп айыккандар канча күнгө чейин жугуштуу болушаарын айтты

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович  “Российская газетага” берген интервьюсунда, COVID-19 менен ооруп айыккандар канча күнгө чейин жугуштуу болушаарын айтты. “Тирүү гана вирусту жуктурса болот. Ал эми алдын ала алынган иликтөөлөргө караганда көпчүлүк бейтаптар оорунун симптомдору башталгандан кийин 8-9 күндүн ичинде гана жугуштуу болушат”,- деди Вуйнович. Бирок, оорусу оор бейтаптарда жугуштуу мезгили көбүрөөк созулуп кетиши мүмкүн, деп түшүндүрдү ал.