COVID-19га каршы вакциналар тукумсуздукка таасир тийгизеби? Эксперттин ою

COVID-19га каршы сайылган вакцина тукумсуздукка алып келбейт. Бул туурасында ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун) Иммунизациялоо жана вакцина боюнча департаментинин директору Кейт О`Брайен билдиргенин РИА Новости жазды.

“Биз сунуштап жаткан препараттар тукумсуздукка алып келбейт. Бул болгону ар кыл вакциналар боюнча тараган имиштер, ал чын эмес. Адамды тукумсуз кылып сала турган вакцина жок”, — деген О`Брайен журналисттердин бул жаатта берген суроосуна жооп узатып жатып.
Анын айтымында, жаңы вакцина адамдын ДНКсын өзгөртүп жиберет деген нерсе да туура эмес.

“Бизде азыр mРНК негизиндеги эки вакцина бар, мындай препараттар эч качан ДНК боло албайт жана адамдын ДНК клеткасын өзгөртө албайт. mРНК препараттары денеге протеиндерди иштеп чыгуу зарылдыгын эскерткич болуп саналат”, — деп билдирди эксперт.

О`Брайен mРНК негизинде жасалган вакцина вирусту дарылоонун жаңы ыкмасы экендигин айтты. Анда адамдын организми дарт менен күрөшүү үчүн зарыл болгон белокту өзү иштеп чыгарат.