Спорт
Айсулуу Тыныбекова: “Биздин жеңиштерибиздин эң чоң себеби – сиздердин колдоо!” (ФОТО)
Балбан Айсулуу Тыныбекова аны турнирде колдоп турган күйөрмандарына интернеттеги баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирди:
“Киевдеги мелдеш 3 күн уланды. Ушул 3 күн бою күйөрмандар бизге келип дем-күч берип, кубаттап турушту! Терең ыраазычылык билдирем! Биздин жеңиштерибиздин эң чоң себеби – сиздердин колдоо!
Кайсы гана өлкөдө болбойлу, мекендештерибиз дайым чогулуп майрамдык шаң менен сүйүндүрүп турушат!
Алакандай элибиздин ынтымагы бекем болсун!”, – дейт спортчу.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Киевде өткөн турнирде 62 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын медаль жеңип алган.