Кимден жана кандай басым болбосун түз мага чалгыла – Жапаров сотторго кайрылды

Ак үйдөн эч ким эч кандай көрсөтмө бербейт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн соттору менен жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына өлкөнүн бардык аймактарынан соттор келишти.

Садыр Жапаров сотторго мыйзамды туу тутуп, акыйкат иштөөсүн айтты.

“Бүгүндөн баштан мен өзүм силерди коргоп, сиздердин көзкарандысыздыктын кепилдиги болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эптүүлүгүңөрдү көрсөткүлө. Кандай гана кийлигишүү менен басым болбосун каршылык көрсөтүп, бекем болуп бергиле”, – деди ал.

Жапаров Ак үйдөн эч ким эч кандай көрсөтмө бербей турганын белгиледи.

“Мен сиздерге байланышуу үчүн түз номеримди берем. Кимден жана кандай басым болбосун түз мага чалсаңар болот”, – дейт президент.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.