Той-аш өткөрүүгө тыюу салынды! Алматыда карантин чаралары күчөтүлдү

Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин 16-мартта жаңы карантиндик чектөөлөрдү киргизүү боюнча токтомго кол койду.

Ага ылайык, 20-марттан тарта театрларга, кинотеатрларга, концерттик залдарга; шаардык ырааттуу эмес (туристтик) каттамдарга; бильярд залдарына, компьютердик клубдарга, цирктерге; балдардын жана чоңдордун билим берүү борборлоруна, балдардын оюн-зоок борборлоруна; «Медеу» борборунда жапырт муз тебүүгө, көрүүчүлөр катышкан спорттук иш-чараларга; аш-той өткөрүүгө тыюу салынды.

Жаңы токтом боюнча Алматыда коомдук транспорттун ишине чектөө киргизилет. Шаардык жана шаардын четине каттаган транспорттор дем алыш жана майрам күндөрү эртең менен 6:00дөн 10:00гө жана кечинде 17:00дөн 22:00гө чейин иштейт.

Мындан тышкары башкы санитардык дарыгер компания жумушчуларынын 60 пайыздан кем эмесин аралыктан иштөөгө өткөрүүнү тапшырды. Соода борборлору дем алыш күндөрү жабык болот, майрам күндөрү 17:00гө чейин гана иштейт.

Азык-түлүк дүкөндөрүнүн, кичи-маркеттердин ишине да чектөө киргизилди. Алар түнкү 12:00гө чейин жабылышы керек. Азык-түлүк базарлары дем алыш күндөрү иштебейт, майрам күндөрү 17:00гө чейин гана ачык болот.

Коомдук тамактануу жайлар 20:00гө чейин гана иштейт.

Алматы соңку күндөрү коронавирустун жайылышы боюнча «кызыл» зонага кирген.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-мартта дагы 1082 кишинин коронавирус тести оң чыкканын билдирди. Бир күн мурун бул көрсөткүч 954 болгон.