Дүйнө

COVID-19: Казакстандын Чымкент шаарында мектептер карантинге жабылды

Коронавируска байланыштуу Чымкент шаарындагы 18 мектеп карантинге жабылды.

Шаарда 1-апрелден баштап миңдеген окуучулар 4-чейректи онлайн түрүндө, аралыктан окуй турган болушту.

Бул тууралуу Чымкенттин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты. Билим берүү башкармалыгы аны тастыктады. Башкармалыктын башчысы Роза Аханованын айтымында, соңку мезгилде шаарда мектеп окуучуларынын арасынан күнүнө бешке чейин коронавирус инфекциясы аныкталууда. Окуу жылынын башынан бери вирус шаар боюнча 148 окуучуга жукса, анын 123 учуру соңку үч айда катталган.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь айынан бери 46 мектеп карантинге жабылды. 30-мартка карата Чымкентте коронавирус инфекциясынын 47 учуру катталды. Калаадагы илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 6 миң сегиз жүздөн ашуун.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button