Саясат

Кумтөр эми кыргыз элинин пайдасына иштеши керек!

Кыргызстан эгемендик алгандан бери канадалык инвестор  менен келишим түзүлүп, Кумтөр алтын кенин чет элдиктер өзү каалагандай иштетип келет.

Ар дайым анын накта пайдасын чет элдиктер жана бийликтеги бир ууч топ көрүп келген.

Ошол эле маалда алтынды казып жатканда экологиялык нормалар болушунча бузулуп, мөңгүлөр талкаланып, анын кесепетин канчалаган жылдарга чейин кыргыз эли жана келечек муун урпактарыбыз тартат.

Жок дегенде калган-каткан алтынды өзүбүз иштетип, элибизге аз да болсо пайдасы тийсин.

Бүгүн

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүп, анда текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди.

Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтты.

Мунун 3 миллиард 501 миллион доллары негизги сумма, калганы туум жана санкция:

«Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек. Мындан ары «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл», дейт Жапаров.

Мындан тышкары Жапаров

ишкана боюнча маселени чечүүнүн үч жолу сунушталып жатканын айтты.

“Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Биз барганда утулабыз дебей, биринчи өзүбүздун соттордун баарын бүтүрүп, далилдерибиз менен барганда утабыз деп, эгер утпай калсак утулуп калышыбыз мүмкүндүгүн эске алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү процесси же тынчтык келишими бар деген үч жолду көрсөтүп жатабыз парламентке. Мурунку президенттер жана өкмөт башчылары “Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коелу” деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай койдук”, дейт.

Ошону менен комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтырууну сунуш кылып жатат.

26 жылдан бери Centerra сөзсүз түрдөгү, салык катары болгону  $1 млрд 750 млн 818 миң төлөгөн. Калган көрсөтүлүп жаткан сандар бул жөн гана манипуляция экени, компаниянын сайтында өзгөчө төлөмдөр боюнча толук эмес маалымат жайгашканы айтылды.

Анысы аз келгенсип, улам кийинки келген өкмөт башчылар экологиялык зыян боюнча коюлган сумманы толук төлөтпөстөн, ар кандай фонд ж.б. түзүү шылтоосу менен башында белгиленген суммадан кыйла аз акча каражатын төлөтүүгө жол ачып беришкен.

Мисалы, Сапар Исаков менен Темир Сариевдин ушундай иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекет $438 млндон кол жууган.

Жалпысынан 2013-2020-жылдар аралыгында Өкмөттүн чечимдеринин айынан мамлекет

438 млн. АКШ доллардан айрылган.

Ал эми бул долбоордун Кыргызстанда 2009-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү

33,3 %дан 26,1%га чейин кыскарган.

Жоготкон акциялардын үлүшү 7,2% же жоготкон пайда 100,7 млн доллар түзгөн.

Кыскасы, комиссия толгон-токой бузууларды, Кыргызстандын кызыкчылыктарынын корголбошун, өкмөттөрдүн, комиссиялардын мамлекеттин кызыкчылыктарын тебелеп-тепсешин, тиешелүү көзөмөл, кызыкчылыктарды талашуу болбогонун, көп каржылык маалыматтардын жашырылып берилбей келгенин аныктап чыгыптыр.

Бул башталган ишти аталган комиссия жана мамлекет сөзсүз аягына чыгышы керек.

Ал үчүн коомчулук — журналисттер, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, саясатчылар кыска ой жүгүртүү менен жеке пайда көрүштү ойлонбой — бардыгы жапа тырмак бул жасалып жаткан иштерди колдоп бериши керек.

Өз кендерибизге, жерибиздин байлыктарына өзүбүз ээлик кыла турган убакыт келди.

Ал эми буга чейин Кумтөрдөн түшпөй калган каражаттарга күнөөлүү чиновниктерге кылмыш иштери козголуп, алардан ордун толуктоону талап кылыш керек!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button