Италияда асма жол үзүлүп кетип, бир нече адам каза болду. Фото

Италиянын түнтүк тарабында тоого алып чыгуучу асма жол үзүлүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда Италиянын түнтүк тарабында тоого алып чыгуучу асма көпүрө үзүлүп кетип, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болду.

Ошондой эле тоо-куткаруу кызматынын маалыматына караганда, 5 жана 9 жаштагы балдар оор жаракат алып тик учак менен Турин шаарындагы ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам көз жумган. Экинчи баланын денесинин бир нече жери сынган, бактыга жараша, ал эсине келип, дарыгерлер ага операция жасап жатышат.

Куткаруучулар жабыркагандардын саны дагы деле такталып жатканын, дагы да көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертишкен.

Кырсык эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз. Бирок күбөлөрдүн айтымында кабиналар бекитилген темир аркан тоонун чокусуна 300 метр калганда үзүлүп кеткен.

Пьемонт Меттатрон тоосу менен 20 мүнөттө бириктирген асма жол жүргүнчүлөрдү деңиз деңгээлинен 1491 метр бийиктикке жеткирет. Кабиналар 40 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган, бирок кулап түшкөн кабинада алардын канчасы болгонун азырынча эч ким билбейт.

Кырсык болгон жерге барган тоо куткаруучулары жерден жараксыз болуп калган кабинаны табышкан. Ал болжол менен 20 метр бийиктиктен кулап, бир нече жолу оодарылып түшкөн.

Бул асма жолу 1970-жылы ачылган. 2014-жылдан 2016-жылга чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. Ошондой эле аталган асма жол жакында эле карантиндик чектөөлөр алып салынгандан кийин ачылып, иштей баштаган.