Коом

Баткен облусунда бир жума ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузган 710 айдоочу аныкталды

2022-жылдын 12-декабрдан 18-декабрга чейин бир жума ичинде Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барылып, Баткен облусу боюнча 710 жол кыймылынын эрежелерин бузуу аныкталды.


Алардын ичинен мас абалында автоунаа башкарган -22, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган -16, кыймылдын белгиленген ылдамгынан ашырып айдаганы үчүн -129, башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн -542, терезесин караңгылатып айдаган-1 айдоочу аныкталды.
Убактылуу токтотуучу айып короого -29 автоунаа токтотулду.
Бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button