Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айгерим Турдалиеванын маалыматына караганда, Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды (1 мүнөт 0,54 секунд). Экинчи жана үчүнчү орунда түркиялык спортчулар келишти. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал буга чейин 13-14-августта брасс ыкмасы менен 50 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло байге алган.
16 -августта Петрашовдон сырткары кыргызстандык спортчулар бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.
Шахида Нармухамедова дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында 78 килограмм салмакта күмүш байге алды. Ал алгач камерундук, жарым финалда марокколук спортчуну утуп, финалда түркиялык Нуркан Йылмазга жеңилип, 2-орунду ээледи.



