Коом

Сокулукта байланган абалда табылган окуучу кыз. Милиция маалымат берди

Бүгүн, 30-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганын жазышты.

Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат таратты. «24-октябрда милицияга Первомайское айылында жашы жете элек кыздын колу байланган абалда табылганы тууралуу маалымат кыздын кошуналары тарабынан түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Иштин жүрүшү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Балдардын укуктары боюнча мамлекеттик уюмдар да тартылууда. Текшерүүнүн жүрүшүндө бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалып, бардык жүйөөлөр жана бардык күбөлөрдүн, кыздын өзү жана ата-энеси суракка алынып, такталган. Учурда окуянын чыныгы чоо-жайын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет. ЖМК өкүлдөрүнөн расмий булактардан алынган такталган маалыматты гана жарыялоону суранабыз», — дешти. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button