Эсептөө палатасы 2024-жылдагы аудиттик ишинин жыйынтыгын Жогорку Кеңешке сунуштады

2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчёту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды. Бул отчет Кыргыз Республикасынын “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын 100-беренесине жана “Эсептөө палатасы жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык сунушталууда.
Эсептөө палатасы тарабынан 2024-жылы жалпы 88 аудитордук иш-чара жүргүзүлүп, алардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 1 150 бюджеттик мекеме, 351 чарба жүргүзүүчү субъект, 339 жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдар жана 8 башка уюм болгон.
Аудитордук иштердин жыйынтыгында жалпы 13,1 млрд сом суммасында финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен 10,0 млрд сому же 76,3 пайызы тиешелүү органдар тарабынан калыбына келтирилген. Финансылык бузуулардын негизги түрлөрү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталган: бюджетти түзүүдөгү бузуулар – 281,2 млн сом; бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтер – 6,7 млрд сом; мамлекеттик мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 4,2 млрд сом; эсепке алуу жана отчёттуулуктагы тартип бузуулар – 1,8 млрд сом; мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар – 123,1 млн сом; укуктук жана жол-жоболук бузуулар – 1,1 млн сом.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасы 2024-жылдагы эксперттик-аналитикалык иштеринин негизинде бюджеттик кирешелерди көбөйтүүгө шарт түзгөн кошумча резервдерди – 88,6 млрд сом суммасында – аныктаган. Бул сумма финансылык бузуулар катары эсептелбейт, бирок тиешелүү чаралар көрүлгөндө бюджетке түшүшү мүмкүн болгон реалдуу киреше катары каралат.
Ошондой эле, аудиттин жүрүшүндө 29,9 млрд сом суммасында натыйжасыз жана рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталган. Бул суммалар мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды максатсыз пайдалануунун же башкаруучулук чечимдердин начар сапатынын натыйжасында келип чыккан жоготуулар болуп саналат. Жыл ичинде ошондой эле жол-жоболук мүнөздөгү мыйзам бузуулардын 1 617 фактысы катталган.
Бул маалыматтар Эсептөө палатасынын мамлекеттик ресурстарды ачык жана натыйжалуу пайдалануу боюнча көзөмөл функциясынын натыйжалуулугун айгинелейт.
Комитеттин кароосунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылары белгиленди.



