Коом

ИИМ: Нарында “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталыштагы форум өткөрүлдү

Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу боюнча өткөрүлүүчү “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” аталыштагы Нарын облусунун форуму ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусу менен өткөрүлдү.


“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” аталыштагы форумдун жетектөөчү идеясы “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” болуп саналат. Форумдун негизги максаты Нарын облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуунун максаттары, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.


Форумдун жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду. “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумда сиздер менен жүз көрүшүп, амандашып турганыма абдан кубанычтамын.
Бүгүнкү күн баарыбыз үчүн тарыхта кала турган маанилүү күндөрдүн бири деп айтсак болот. Себеби, бул жерде Жогорку Кеңештин депутаты, Президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, фискалдык кызматтар, мугалимдер, дарыгерлер аксакалдар, , аялдар, жаштар кеңештери, коомчулуктун активдүү өкүлдөрү жана элим деп жүрөгү соккон биздин мыкты инсандар чогулуп отурасыздар. Бул форумдун бир гана максаты бар. Кылмыштуулукту, укук бузууларды жана эл арасындагы ар түрдүү терс окуяларды баарыбыз биргеликте алдын алып, өз учурунда бөгөт коюу жумуштарын күчөтүү болуп эсептелет.
Сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн форумдун келип чыгышы жана аткара турган милдеттери тууралуу кыскача токтолуп өтөйүн. Өлкөбүздөгү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сапаттуу камсыздоо үчүн 2022-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган.Мыйзамдын башкы багыты — жарандардын коопсуздугун чыңдап, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, укук бузууларга өбөлгө болуучу себептер менен шарттарды аныктап, аларды четтетүү болуп саналат. Бирок буга жетүү үчүн биринчиден коомчулуктун түздөн-түз колдоосу, экинчиден жергиликтүү бийлик жана башка бардык мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу зарыл.
Биздин өлкөбүз эгемендүүлүк алган учурдан тартып элдин коопсуздугуна байланышкан бир катар мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан. Ачыгын айтканда, буга чейинки укук бузууларга байланышкан мыйзамдар менен бир эле милиция эмес, бардык укук коргоо органдары кылмыштардын жана окуялардын кесепеттери менен күрөшүп келген.
Улам барган сайын кылмыштардын жана укук бузуулардын жаңы түрлөрү пайда болуп, коомчулуктун тынчын алган учурлар жок эмес: Уул-кыздардын же чоң эле адамдардын адеп-ахлакка туура келбеген жүрүм-турумдары боюнча ар түркүн маалыматтарды интернет тармагынан угуп, көрүп жатасыздар. Мунун баарын кылмыш же окуя катары карабастан, эртеңки келечекке терс кедергисин тийгизе турган абал катары карашыбыз керек.
Келиңиздер, баарыбыз биргеликте кара жанды карч уруп, чогуу жумуш жүргүзүп, коомчулук арасында болуп жаткан жаман нерселерден арылып, келечек муунга жакшы жашоо шартын түзүп берели. Кылмыштар катталгандан кийин анын кесепети менен күрөшүп жүрө берсек, анда эртеңки күнү биздин келечек муундун жашоосу кандай болот?… Андыктан, бүгүнкү форумда катышып жаткан бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, министрлик менен ведомстволордун Нарын облусундагы башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө, ушул жерде отурган жалпы ички иштер министрлиги кайрылат.
Элдин улуулугу анын санында эмес — ынтымагында. Баарыбыз биргеликте “Улуттук пландын” алкагында иш алып барсак, сөзсүз ийгиликтерге жетишип, коопсуздукту бекемдеп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жаркын келечекке тайманбастан бет алабыз деп ишенем.
Биздин элибиз өзүнүн намысы, айкөлдүгү, калыстыгы, чечкиндүүлүгү менен башкалардан айырмаланып келген. Бирөөгө зыяныңды тийгизбе, уурдаба, калп айтпа деген акыл-насааттардан баштап, бардык терс көрүнүштөрдү пайда кылган нерселерди алдын алуу иш-чараларын ырааты менен алып баралы. Азыркы учурда, өлкө жетекчилиги тарабынан элдин жашоо турмушун жакшыртууга бардык аракеттер жасалууда. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-аракеттердин ийгиликтерин өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Башкача айтканда, мамлекетибиз стабилдүү өнүгүү жолуна түшүп, кайсы гана тармак болбосун эл үчүн иш алып барганга толук шарттар түзүлдү. Ал эми адеп-ахлакка туура келбеген, ченемдик-нормаларга каршы болгон терс көрүнүштөрдү жоюу баарыбыздын колубузда экендигин белгилеп өтмөкчүмүн. Бүгүнкүдөй форум республиканын бардык шаар-облустарында өткөрүлүп, анын милдеттерин элге туура жеткирүү жумуштары алып барылат.
Коомдук тартипти чыңдап, элдин коопсуздугун натыйжалуу камсыздоо үчүн республика боюнча 3 миңден ашуун видеокамералар коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга орнотулуп, күнү-түнү мониторинг иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнүп келүүдө. Анын жыйынтыгында, 2023-жылы 3 миң 396 кылмышты жана окуяларды болтурбай өз убагында токтотуп калууга жетиштик. 2022-жылы видеокамералар орнотулган аймактарда 3 миң 906 кылмыштарды токтотуп калууга жетишкенбиз. Башкача айтканда, камералар орнотулган участоктордо кылмыштуулук 13% төмөндөдү.
Бул да болсо профилактика иштеринин бирден-бир жетишкендиги деп айтсак болот. Эл менен түздөн-түз иштеген аймактык тескөөчүлөрдү заманбап технологиялар менен камсыздап жатабыз. Өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында коомчулук менен түздөн-түз иштеген аймактык тескөөчүлөргө 50дөн ашык “Нива” үлгүсүндөгү унааларды таратып бердик. Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой Нарын облусуна да ушундай 10 даана автоунаа бердик.
Жылдын аягына чейин республиканын бардык аймактык тескөөчүлөрүн унаалар менен камсыздап, элдин тейлөө сапатын жогорулатабыз деп белгилеп кетмекчимин.
Учурдан пайдаланып, Нарын облусундагы жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып кетмекчимин:
Сиздер жооптуу болгон аймактардын коопсуздугун бекемдөө үчүн видеокамераларды орнотуу, аймактык тескөөчүлөргө планшет жана бодикамераларды алып берүү жагын карап, колдоо көрсөтсөңүздөр, ар түрдүү укук бузууларды алдын алууга, көмүскө экономиканы ачыктоого, ыкчамдыкты күчөтүүгө жакшы шарттар түзүлөт. Бул кайрылууну эске аласыздар деп ишенем.
Ички иштер министрлиги тарабынан жасалып жаткан иштер ушуну менен токтоп калбайт. Быйылкы жылы санарип тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө, укук бузууларды алдын алууга, жол коопсуздугун бекемдөөгө жана башка багыттар боюнча көптөгөн жумуштар алып барылат. Биз баарыбыз өлкөбүзгө ак кызмат өтөп, элибиздин коопсуз жашоосу үчүн жан үрөп, күнү-түнү талыкпай эмгектенүүгө милдеттүүбүз. “Улуттук план” боюнча бардык мамлекеттик органдар, жалпы коомчулук менен бирге өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшү үчүн коопсуздукту бекемдөө жумуштарын так аткаралы. Элдин жай турмуштагы жашоо шарттарын чыңдайлы. Адам укуктары менен эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылалы. Жарандардын аң-сезимин, укуктук маданиятын жогорулатып, жоопкерчиликти күчөтүп, мыйзам бузууларга жол бербейли. Турмушта кездешип жаткан укук бузууларды болтурбай, себептерин аныктап, алардын келип чыгышына өбөлгө түзгөн бардык шарттарга бөгөт коюу иш-чараларын биргеликте жүргүзөлү. Өзүбүз аракет жасап, кайдыгер болбой, азыртан баштап иш жүргүзүп, коомчулук арасында болуп жаткан бардык терс көрүнүштөрдү жоюп, иш алып баралы деген аруу тилекти айтат элем. Мен ишенем, сиздер менен чоогу алдыбызга коюлган милдеттерди так аткарып, элибиздин коопсуздугу үчүн жакшы ийгиликтерге жетебиз”, -деди Октябрь Урмамбетов
Ал эми форумдун жүрүшүндө чакырылган конокторго сөз берилип, “Укук бузуунун алдын алуу негиздери” темасындагы атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында театралдаштырылган сценка коюлуп, укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдары менен биргеликте тыгыз иш алып баргандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери ИИМдин сыйлыктары менен сыйланышты.
Жыйынтыгында укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, үй-бүлөлүк зомбулукту, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы укук бузууларды алдын алуу багыттарын камтыган форумдун резолюциясы кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button