Даттанууларды кабыл алуу үчүн Улуттук Банктын WhatsApp номери ишке кирди

Жарандар 0501 89 00 00 номери аркылуу финансы-кредит уюмдарынын (коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун) ишине тиешелүү бардык маселелер (даттануу, өтүнүч же пикир билдирүү) боюнча кайрыла алат.
WhatsАpp-каналга жазганда жарандын аты-жөнү, кайрылуунун мазмуну, ошондой эле (зарыл учурда) керектөөчүнүн далилдерин тастыктоо үчүн тиркелген документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Адепсиз сөздөрдү камтыган кайрылуулар каралбайт.
Билдирүүлөр жумуш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 08:30дан 18:00гө чейин кабыл алынат. Дем алыш күндөрү жөнөтсө иш күнү башталгандан кийин каралат.
Мындан сырткары, Улуттук банк телефон аркылуу ыкчам маалымат/консультация алуу үчүн кабылдамага (0312 61 04 86) жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча (0555 8



