Коом
Шашылыш билдирүү! 20-21-мартта түнкүсүн үшүк жүрөт

Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-21-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.



