Коом

ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев өзү жетектеген кызматтардын башчылары менен кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев өзү жетектеген кызматтарга 2023-жылдын 10 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.


Кеңешмеде ИИМдин Тергөө кызматынын, Криминалистика кызматынын жана Мамлекеттик коргоону уюштуруу башкармалыгынын 2023-жылдын 10 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Артыкчылыктуу багыттар белгиленип, ар бир багыттар боюнча жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер айтылды.
Кеңешмеде аймактык тергөө кызматтары тергеп жаткан ар кандай категориядагы кылмыштарга тиешелүү маселелер каралды.
Кеңешмени ачып жатып, ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов тергөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, кетирилген кемчиликтерге токтолду.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев өз сөзүндө биринчи кезекте тергөөнүн сапатынын төмөндөшүнө жол бербөө керектигин белгиледи. Ал ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча чараларды көрүү зарылдыгын тапшырды.
Ошондой эле, ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев аймактык тергөө башкармалыктарынын жетекчилерине ачык сот адилеттигин камсыз кылуу жагынан толук, ар тараптуу жана калыс баа берүү максатында кылмыш иштерин жеке өзү изилдеп чыгуу зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле алар прокуратура тарабынан тергөөчүлөрдүн процесстик чечимдери жокко чыгарылып жаткан негиздерди такай талдоону жана жалпылоону, кол алдындагылардын баарына бул боюнча маалымдоону эскертти.
“Санариптештирүү иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында санарип тутумун бекемдөө, жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергөө, мыйзам чегинде чечим кабыл алууга арналган программаны өнүктүрүү иш-чаралары улантылсын. Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен, заманбап санарип тутуму аркылуу көзөмөлдү күчөтүүгө, анын ичинде далил заттарды электрондук так эсепке алууга, тергөө сапатын жогорулатууга, кылмыш иштеринин, кылмыштын бетин ачуу жана сотко жөнөтүү процедураларын акыйкат жүргүзүүгө, элге келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга багытталган, юридикалык жагдайларды өзүнө камтыган багыттардын алкагында учурда иштөөгө берилген автоматташтырылган маалымат издөө тутуму жүзөгө ашыруу уюштурулсун.


Тергөө кылмыш-жаза жараянынын өзөгү деп эсептелет. Анткени сот өндүрүшүнүн дал ушул этабында сот чечимдеринин негиздери түзүлөт. Иш боюнча далилдерди табуу, бекемдөө, чогултуу, баалоо жана колдонуу жүрөт. Мындай далилдөөнүн максаты-чындыкты аныктоо”, — деди Эркебек Аширходжаев.
Өткөрүлгөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча Эркебек Аширходжаев талкууланган маселелер боюнча Тергөө кызматына, Криминалистика кызматына жана Мамлекеттик коргоону уюштуруу башкармалыгына ишмердүүлүктү чыңдоо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button