Коом
Милиция Оштогу ат майданда болгон окуя боюнча үн катты

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, «Төлөйкөн» ипподромунда өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогуна 40 миңден ашуун көрүүчү келген.
“Финалдык беттеш аяктарда көрүүчүлөр калыстын чечимине нааразычылыктарын айтып, бейбаштык кылып калыстарга карата бош желим бөтөлкө ыргытышкан”, — деп жазылган маалыматта.
Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.Учурда ат майдандан бардык жарандар тараганы, аймакта абал тынч экенин белгилешти.



