Саясат

Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Бүгүн Ташкент шаарындагы «Texnopark» борборунда Өзбекстан – Кыргызстан бизнес форуму жана эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, КРнын соода-өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеев жана Өзбекстандын соода-экономикалык палатасынын башчысы Адхам Икрамов, андан тышкары эки өлкөнүн бизнес коомчулугунан 250 дөн ашык өкүл катышууда.

Башкы максат – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык жаатта кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы ачык сүйлөшүүлөр аянтын түзүү.

Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн В2В форматындагы жолугушуусу уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button