Коом
«Манас» аэропорту Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын билеттери эмнеге кымбат болуп жатканын түшүндүрдү

Буга чейин ички каттамдардын баасы 3100 сомдон 3300 сомго чейин болору айтылган. Бирок кыргызстандыктар соцтармак аркылуу билеттер беш минге чейин жетип жатканын жазышууда.
Бул боюнча аба майдан баалардын тарификация принциби бар экенин билдирди.
“Билет баасы сатып алынган орундардын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Канчалык көп орун брондолсо, баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот”, — деди аэропорттон.
Учурда ар бир каттамдагы акыркы 5 орундун баасы төмөнкүдөй:
«Супер эконом» — 4000 сом
“Полный эконом» — 4500 сом
«Флекс эконом» — 5000 сом.



