
Бишкекте 6-июнда Д.Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт.
Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи туру алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дон баштап ачык болот.
Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.
Аталган беттешке билеттер ticket.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.



