
Транспорт сатып алууга акчаны Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлүп берет. Тараптар макулдашууга кечээ кол коюшкан. Автобустар “Самарканд автомобиль заводунан” сатып алынмакчы.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2022-жылы түзүлгөн. Ал убакта уставдык капиталы 50 млн долларды түзүп, келечекте 200 млн долларга жогорулатары айтылган. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан.



