Окуялар

Ысык-Атада поезд өспүрүм кызды сүзүп кетти

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 27-июнда темир жолдордун бириндеги жөө өтмөктөн поезд кызды сузүп алганы боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, анда милиция кызматкерлери 2009-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан.

Аталган факт милициянын электрондук журналына каттоого алынган.

Кырсык катталган жерде аталган өспүрүм кыздын блокноту табылып, анда кыз жашоого болгон көз карашын жазып жүргөнү жана чоң энеси менен жашай турганы белгилүү болгон.

Учурда ишн бардык жагдайын аныктоо үчун бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button