Коом
№16 түзөтүү мекемесинде футбол боюнча мелдеш болуп, мыкты оюнчулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Беловодское айылында жайгашкан №16- мекемесинде кичи футбол боюнча чеберлер арасында кызуу турнир болуп өттү.
Сергек жашоого үндөө жана спорттук форманы чыңдоо максатындагы мелдешке 5 команда катышты.
Бир катар оюндардан кийин 1-орунду Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган команда ээлеп, ЖАКнын өтмө кубогу менен сыйланышты.


Ошондой эле мекеменин башчысы, и/к полковниги А.Кыдынбаев мыкты оюнчуларды кызуу куттуктап, Ардак грамоталар менен сыйлады. Алардын арасында улук лейтенант А.Асакаев, старшина Н.Уметов, улук сержант Т.Абдыбалиев бар.



