Коом

УКМК: Бишкекте баңги затын өндүрүү жана таратуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле улуттун ден соолугун коргоо боюнча ишинин алкагында баңги заттарды – кара куурай майын (гашиш майын) өндүрүү жана таратуу менен алектенген адамдардын кылмыштуу тобун аныктап, алардын ишине бөгөт койду.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-пунктунда (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кара куурай майынын кезектеги партиясын сатууга даярдоо учурунда КРнын эки жараны Д.А.С. жана Е.Н.С. кармалды.

Мындан тышкары, аталган жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда баңги заты, кара куурай майы табылып, алар өзгөчө ири өлчөмдөгү айнек флакондор түрүндөгү вейп-картридждери менен алынган.

Жогоруда аталган жарандар кылмышка шектелип №1  тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК баңги жана психотроптук заттардын таралышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда. Андыктан,  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жана мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертебиз. Мындан тышкары, баңги заттарды колдонуу адамдын ден-соолугуна жана балдарга, келечек муунга чоң зыян келтирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button