Окуялар

Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 23-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөнүң билдирди.

Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок.

Сел суулары 16 үйдүн короосуна, үч турак жайдын жер төлөсүнө, эки мал сарайга кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, үйлөр сел сууларынан тазаланды.

Сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеткен.

Ошондой эле 19 340 метр ички чарбалык жолго, 1 100 метр автоунаа жолуна, 6 000 метр ички чарбалык арыктарга, 4 000 метр сай жээгине, 50 сотых эгин талааларына зыянын тийгизген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button