Коом

Санариптик өнүктүрүү министри жарандардын жеке маалыматын саткан кызматкерлер кандай жазаланаарын айтты

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жепутат Чынберди Төлөнов Санариптик өнүктүрүү министрлигинен: «Эгерде сиздердин министрликтин кызматкери жарандын жеке маалыматын сатса кандай жаза каралат?» — деп сурады.

Белгилей кетсек, комитет Кыргызстандын Санарип кодексин кароодо.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын айтымында, жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле Персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги бар, ал дагы жасалма интеллект боюнча иштеп жатат.

«Азыр мыйзамдуулукта коллизия бар. Санапир кодексинде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укугу күчөтүлгөн. Жоопкерчиликти күчөтүү боюнча да актылар кабыл алынат», — деди ал.

Министрдин орун басары Жумалиевдин айтымында, Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жеке маалыматтарды саткан кызматкер айыппул төлөйт.

Депутат мындай жазаны «олуттуу эмес» деп атады жана жазаны катаалдаштырууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button