Коом

Жалал-Абадда кызматтык милдетин аткарууда каза болгон Ички аскерлердин кызматкерлерине арналган аллея ачылды

2024-жылдын 21-октябрында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон ички аскерлердин кызматкерлерине арналган эскерүү аллеясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара аскер бөлүгүнүн аймагында өтүп, баатырдык менен курман болгондордун ысымдары жазылган эстелик ташы орнотулду.

Ачылыш аземине Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, аскер бөлүгүнүн жетекчилиги, ардагерлер, курман болгондордун туугандары жана ички аскерлердин кызматкерлери катышты.

Алгач, Ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, бул баатырлар 1999-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта, өлкөбүздө болуп өткөн окуяларда, эли-журтубузду коргоп, курман болушкан эр-азаматтар экенин баса белгиледи.

“Алардын жаркын элестерин унутпай, үлгү катары көрсөтүп кетишкен эрдиктерин кийинки жаш муунга өрнөк кылып калтыруу максатында, сиздер менен биргеликте ушул аллеянын ачылышын жасап жатабыз.

Бул жер, жөн гана аллея болбостон, мекенге болгон сүйүүнүн жана биримдиктин символун чагылдырып, “намыс — өмүрдөн кымбат” экендигин ачык көрсөтүп, даңазалап турат.

Патриоттуулукту даңктап, элибиздин коопсуздугун бекем сактоого дем берген ушул аземге байланыштуу, Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан, Ички аскерлердин өздүк курамын жана ардагерлерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм!”, -деди өз сөзүндө ИИМ башчысы.

Андан соң, ардагерлер, курман болгондордун туугандары сөз сүйлөшүп, алардын өмүрү тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоодо башкалар үчүн үлгү болуп калаарын билдиришти.

Белгилей кетсек, бул аллея Жалал-Абад шаарынын жаштарынын жана жалпы жарандык коомдун патриоттук, руханий жана мамлекеттик тарбиясын чыңдоого багытталган. Ал, келечек муунга аскердик баатырлардын эрдигин эскертип, алардын элге жана мекенге кызмат кылуудагы бийик моралдык жоопкерчилигин көрсөтөт. Бул мемориал, мекен алдындагы милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарган баатырларга болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси болуп, алардын эрдигин түбөлүккө эскерүү максатын көздөйт.

Салтанаттын жүрүшүндө гүл коюу аземи, бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондордун жаркын элестерин эскерүү сөздөрү айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button