Саясат

Бул алсыздык эмес: Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турган иш сапарын колдоду

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турган  иш сапары алсыздыктын көрүнүшү эмес деп эсептейт. Бул аймакта өкүм сүргөн кырдаалга байланыштуу аргасыз чара экенин Фейсбук баракчасына жазды.

«Мен эл аралык дипломатиянын адиси эмесмин, бирок ошого карабастан биздин президенттин Тажикстан Республикасына болгон сапары жөнүндө өз оюмду билдирем.

Ооганстандагы Тажикстан менен чектешкен чыр-чатак күндөн-күнгө күч алууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары  мунун терс кесепети тийип калбашы үчүн бири-бири менен кантип кызматташууну ойлонушу керек. Расмий өкмөттүн аскерлери буга чейин Ооганстандан Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасына  алардын расмий өкмөт аскерлери аралашып,  кире башташты. Мындай жагдай бизди  да тынчсыздандырат.

Мындай учурда текебердикти жана таарынычты көрсөтүп, чек ара көйгөйлөрүн чечүүнү кийинкиге калтыруу жана жалпы коркунучтарды жоюуга катышпоо таптакыр туура эмес. Ошондуктан, Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Муну алсыздыктын көрүнүшү катары кабыл алууга болот, бирок андай эмес.

Үйдө отуруп, жакын жердеги чоң жаңжалдын өрттөнүшүн көрүп отуруу акылга сыйбайт, бул кандай болгон күндө дагы биздин өлкөгө жайылып кетүү коркунучу бар», — деп жазган Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, 28-29-июнда Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий иш сапары менен барат. Бул анын президент катары Тажикстанга жасаган биринчи сапары жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Эмомали Рахмон менен болгон биринчи жолугушуусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button