Коом

Орусиянын аймагына кирүүдө талаптар өзгөрдү

25-июлдан тарта Орусиянын аймагына Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн кирген чет элдик жарандар ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек.

Анализ Орусиянын аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө чыгууга тийиш.

Коронавируска каршы вакцина алган жарандар эмделгени тууралуу электрондук сертификатын көрсөткөн учурда ПЧР-тест тапшырбайт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары саякаттагандар үчүн ПЧР — анализди эки мамлекеттик лаборатория: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория, ошондой эле «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар алат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button