Спорт

Валентина Шевченко Мерфини утканы үчүн ири суммада гонорар алды

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини аны утканы үчүн ири суммадагы гонорар алды.

SportsDaily спорттук жаңылыктар басылмасы мушкерлердин тапкан кирешесин санаган.

Кечээ Шевченко кезектеги атаандашы Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук курун коргоп калды. Ал америкалык спортчуну беттештин төртүнчү раундунда техникалык нокаут менен уткан.

Эсептөөлөргө караганда, Валентина бул беттештен 392 миң доллар тапкан. Анын 350 миңин мелдешке катышканы үчүн алса, дагы 42 миң доллар беттеш алдындагы бир жума үчүн кошумча төлөм катары (спортчуларга жума бою медиа жана турнир окуяларына убакыт бөлгөнү үчүн берилүүчү сыйлык) берилген.

Лорен Мерфинин гонорары 132 миң долларды түздү. Таймашка чыкканына 100 миң, ал эми 32 миңди жарнама үчүн алды.

Лас-Вегаста өткөн мелдеште эң көп гонорарды, 566 миң долларды Ник Диаз иштеп тапты. Беттешке чыкканы үчүн Диазга 500 миң төлөндү. 50 миң мыкты кармаш үчүн, ал эми медиа иштерине катышкандыгына 16 миң доллар берилген.

Ал 2004-жылда беттешкен атаандашы Робби Лоулер менен кез келген. Диаз дал ошол беттештен кийин ийгиликтүү мушкер катары тааныла баштаган.

Бул ирет ийгилик Лоулер тарапка ооду. Кармаштын үчүнчү бөлүгүндө кубаттуу соккудан соң Ник жерге кулап, беттеш токтотулган. Калыстар техникалык нокаут деп эсептеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button