Коом

Токиодо окуучуларга Кыргызстан жөнүндө ачык сабак өткөрүлдү

2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары үчүн презентация, тематикалык викторина, улуттук музыкалык аспаптар көрсөтүлүп, Кыргызстандын жаратылышы боюнча фотостенд уюштурулду.

Ошондой эле Акабане мектебинин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дисциплиналарынын бири болуп саналган «Ордо» кыргыз улуттук оюнунун ыгын жана жоолук таштамай оюнун шамдагайлыгын сынап көрүштү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button