Коом

“Омикрон” менен көбүнчө жаш балдар ооруй турганы айтылды

«Омикрон» штаммы пайда болгондон бери балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны 10-11 пайыздан 15 пайызга өскөн. Бул тууралуу Роспотребнадзордун Эпидемиология боюнча борбордук илимий институтунун директорунун орун басары Александр Горелов билдиргенин РИА Новости жазды.

«Балдар коронавирустун бардык түрү менен ооруп чыкты. Эпидемиологиялык процесс учурунда жуктуруу жыштыгы 10-11 пайыз болсо, «омикрон» штаммы чыкканда бул көрсөткүч 15 пайызга өскөн», — деген ал.

Адис балдар арасында коронавирус жуктурган учурдун көп катталышы «омикрон» бардык курактагы адамдарга тез жугарынан кабар берерин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button