Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана башка балбандар Болгарияга учуп кетти

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Болгариядагы эл аралык Dan Kolov — Nikola Petrov мелдешине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Мелдеш 17-20-февраль күндөрү Велико-Тырново шаарында өтөт.Курама команданын мүчөлөрү:Балбай Дордоков — 55 кг;Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;Нурмухаммет Абдулаев — 60 кг;Тынар Шаршенбеков — 63 кг;Эрмек Каныбек уулу — 63 кг;Марлен Асикеев — 67 кг;Элдияр Сатаров — 67 кг;Адилхан Нурланбеков — 72 кг;Акжол Махмудов — 77 кг;Акылбек Талантбеков — 77 кг;Калидин Асыкеев — 82 кг;Азат Салидинов — 87 кг;Мелис Айтбеков — 87 кг;Үзүр Жузупбеков — 97 кг;Роман Ким — 130 кг.Ошондой эле Болгарияга команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев, улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, калыс Эрнис Суранов учуп кетти.Курама команда Болгариядагы беттештен кийин 21-февралдан 5-мартка чейин Москванын «Кристал» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.



