Коом

Жашыл энергетика фондуна жарым жылда 113 миллион сом түшкөн

2024-жылдын июль-декабрь айларында Жашыл энергетика фонду инвесторлор менен конкурстук негизде 42 участокту ижарага берүү боюнча келишимдерди түздү. Бул мезгилде Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) ишке ашырган субъекттерден фондго 113 миллион сом түшкөн. Фонддун ишинин жыйынтыктары тууралуу Кундус Кырбашева билдирди.

Анын айтымында, ушул жарым жыл ичинде конкурс комиссиясынын 18 отуруму өткөрүлүп, 107 лот каралды. Жыйынтыгында, инвесторлорго жалпы аянты 3 миң 964 гектар болгон 42 участок берилди. Алардын ичинен:
• 31 участок кичи ГЭСтерди курууга бөлүнгөн, жалпы кубаттуулугу 351,97 мегаваттты түзөт;
• 11 участок күн электр станцияларын курууга каралган, жалпы кубаттуулугу 1634,5 мегаватт.

Салыштыруу үчүн: 2023-жылы фонд болгону 1 отурум өткөрүп, анда 3 лот каралган. Ошол жылы ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттын суммасы нөл сомду түзгөн.

Фонддун жетекчиси белгилегендей, учурда Жашыл энергетика фондунун балансында жалпы аянты 18 миң 649,524 гектар болгон 68 участок бар. Анын ичинен 14 миң 929,192 гектар ЭКБ объекттерин куруу үчүн конкурстар аркылуу инвесторлорго берилүүгө даяр.

Кундус Кырбашева ошондой эле фонд тарабынан өкмөттүн ЭКБ объекттеринде өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу тартиби жөнүндө токтомдун долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Бул документ жашыл энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Учурда долбоор Энергетика министрлигине макулдашуу үчүн жөнөтүлүп, андан ары президенттин администрациясына өткөрүлүп берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button