Саясат
Президенттин Басма сөз кызматынын экс-жетекчиси «Айыл Банктын» директорлор кеңешине шайланды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматынын экс-жетекчиси Нурай Марс «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин курамына шайланды.
Аталган банктын маалыматына таянсак, 29-марттагы акционерлердин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директорлор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.
Директорлор кеңешинин бош орундарына Назгүл Алакова менен Нурай Марс шайланды. Нургазы Абдрашев «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы болду.



