Нуртилек Орозбаев: Тендерге катышкан Таймурас Ташиев жергиликтүү бийликке жакшы жардамын берди

Таймурас Ташиевдин тендерге кандайча катышып калганы жана андан табаар пайдасы эмне экенин шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев журналисттин суроолоруна жооп берди:
— Жалал-Абад шаардык кеңешинин жана мэриясынын жарыялаган тендерин “Мока Групп” фирмасы утуп алганын тескери айлантып көрсөткөндөр пайда болду. Бул фирманын утушуна анын Таймурас Ташиевге таандык экени роль ойнодубу?
— Биз жыл башында бюджетти кварталдарга бөлөбүз. Биринчи кварталда “Петролеум” менен иштештик, андагы тендерге кайсы фирмалар катышканын билбейм, бирок ушул фирма эң арзан баа койгону үчүн утуп алган. Экинчи кварталга тендер жарыяланганда, “Мока Групп” фирмасы жалгыз катышты. Бул фирма катышсын, бул фирма катышпасын деген чектөө жок да, каалоочулардын баары катышат. Азыр өзүңүздөр көрүп жатасыздар, күйүүчү майга баа күн өткөн сайын көтөрүлүүдө. Ошондуктан, башка фирмалар бул тендерге катышууга умтула беришпеди. Анткени, пайдасы жок. Ал эми “Мока Групп” жергиликтүү бийликке жардам берүү максатында эле катышты окшойт.
— Утуп алышы мыйзам чегинде болдубу?
— Албетте. Бүгүнкү күндө бензиндин баасы 69 сом. Ошол эле “Мока Групптун” өзүндө 68 сомдон сатылып жатат. Ал эми тендерге 67 сом 50 тыйын бааны көрсөтүп катышты. Тендердин мыйзамы ошондой – ким арзан бааны көрсөтсө, ошол утуш керек. Эгерде базар баасынан жогорулатып, мисалы 70 сомдон деп катышып, анан биз аны менен келишим түзүп койгон болсок, ошондо мыйзам бузуу болмок.
— Бир гана “Мока Групп” тендерге катышканын баса белгилешүүдө. Сиз жогоруда пайда болбогондуктан башка фирмалар катышууну каалашпады окшойт дедиңиз. Тендер жарыяланганына бардык эле фирмалар кабардар болду беле?
— Учурда күйүүчү майга болгон баанын ойногонуна байланыштуу, ал көпчүлүк ишкерлерди кызыктыра албады. А эгер тендер өтпөй калса, мамлекеттик ишканалардын иши токтоп калат. Ошол эле “Тазалык” ишканасы. Техникаларга күйүүчү май керек. Катышууну каалагандар дээрлик жок болгондуктан, тендер өтпөй калышы да мүмкүн болчу. Ушундай оор абалдан “Мока Групп” чыгарып кетти. Жогоруда айтканымдай, бул фирма пайданы көксөбөй, жергиликтүү бийликке жардам берүү ниетин гана карманды окшойт. Шаардык кеңеш менен мэриянын тендерин өткөрүүчү бухгалтерия бир. Ал тараптан ачык тендер жарыяланып, үч-төрт жолу берилди, андан кийин гана жыйынтыгы чыкты. Мисалы, шаардык бюджеттен күйүүчү майга каражат факты боюнча бөлүнөт. Бир автоунаага күнүнө 10 литр күйүүчү май, айына 240 литр, кварталына 720 литр. Мындан ишкер эч кандай пайда таппайт. Ар бир литрине 1 сом 50 тыйын, 2 сом гана кошо алат. Ал керек болсо салыгын да актабай калат. Ушундай шартта туура түшүнүп, тендерге катышып, мамлекеттик ишканаларды күйүүчү май менен камсыздоо милдетин өзүнө алып жаткан фирманы аракетин саясатташтырып салышканы өкүнүчтүү.



