Коом

Бишкектин түндүгүндө үч күн газ болбойт. Тизме

«Бишкек газ» ишканасы борбор калаанын айрым жерлеринде 3-5-июль күндөрү газ болбой турганын билдирди.

Бул күндөрү жер алдындагы газ түтүктөрү оңдолмокчу.
Газ төмөнкү даректер менен чектешкен жерлерде болбойт:Чоң Чүй каналы, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный, Алма-Ата, Гидросторительная, Аул, Курманалиев, Биринчи май, Логвиненко, Киргизский көчөлөрү, айланма жол, Ала-Арча дарыясы, Бухара, Заводской, Коллектив жана Кырк-Чоро көчөлөрү менен чектешкен жерлер.

Мындан тышкары, бул күндөрү газ Төмөнкү Ала-Арча айылында, Красный строитель, Кайыңды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай конуштарында, «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский» ишканаларында, Кургак учукка каршы шаардык ооруканада жок болот.

Газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сураган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button