Коом
Чолпон-Атада патрулдук милиционерди машина сүзүп кетти

Маалымат кызматынын инспектору Мирлан Таалайбеков жол жээгинде нөөмөттө турган.
Алдын ала маалымат боюнча, анын мээси чайкалып, колу сынган.
Таалайбеков Бишкек патрулдук милициясынын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жол эрежесин бузган айдоочулардын видеолорун жарыялап келет. Ал туристтик сезондо Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн.



