Окуялар

ИИМ: Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө табылды

2022-жылдын 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну 2007-жылы туулган К.А. аттуу ѳспүрүм  таенесине таарынып үйдѳн чыгып кетип келген эмес. Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден-соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн.

Ал эми, ден-соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан.  2022-жылдын 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап,  Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button