Дүйнө

10 кишини бычактап өлтүрүп, 15 кишини жарадар кылган канадалык ага-ини кармалды

Канадада ага-ини 10 кишини бычактап өлтүрүп, 15 жаранды жарадар кылган. Бул тууралуу Лента.ру. CBC News`ка шилтеме менен билдирди.

“Кол салуу индиялыктардын Жеймс Смит Кри-Нейшн (James Smith Сree Nation) резервациясында, ошондой эле Уэлдон кыштагында болгон. Курмандыктар мындан дагы көп болушу мүмкүн экендиги айтылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар 31 жаштагы Дэмиен Сандерс жана 30 жаштагы Майлз Сандерс болгон. Учурда шектүүлөргө издөө жарыяланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button