Бычактап качып кеткен. Ноокат районунда кылмышка шектелген жаран кармалды — ФОТО

2022-жылдын 6-октябрь күнү саат 04:00 чамасында Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда: Ноокат районунун тургуну 1993-жылы туулган С. уулу М., атуу жаран денесинен жарат алып Ноокат райондук ооруканасына кайрылгандыгын билдиришкен.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Ноокат РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 6-октябрь күнү кылмышка шектүү 31 жаштагы Э.Б., Ноокат шаарындагы ашканалардын биринде пикир келишпестиктен улам Ноокат районунун тургундары 29 жаштагы С.уулу М., жана 30 жаштагы Э.К., атуу жарандардын курсак жагына бычак менен бир нече жолу сайып окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Кылмышка шектелип кармалган Э.Б., аттуу жаран экендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин жана 122-беренесинин Киши өлтүрүүгө аракет жасоо негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда, — деп билдирди Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.



