Окуялар

Издөө салабыз! Кызыл-Кыяда эки жаран дайынсыз болууда

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын эки тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирип, таанып билгендер, көргөндөр милицияга кайрылуусун өтундү.

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26.12.2007-жылы туулган Хасанова Дилноза Адхамжановна өзү жашаган үйүнөн 2022-жылдын 15-сентябрь күнү саат 17-30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, анын эжеси милицияга арыз менен кайрылган.

 Белгилери: арык чырай, буудай өңдүү, кашы көзү кара түстө, чачынын узундугу 5-6см. бою 150-155см, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үстүндө жана астында көк түстөгү джинса, бутунда ак-кызыл түстөгү спорттук бут кийим.

2. Кызыл-Кыя шаарынын Кулатова көчөсүнүн 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, жолдошу 1978-жылы туулган Хашимов Абдурасул Равшанович аталган даректеги үйүнөн 2022-жылдын 12-июнь үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.

 Белгилери: арык дене түзүлүшүндө, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска ак-кара түстө, ак жүздүү, бою 180-185 см, психикалык жактан жабыркабайт.

Кийген кийимдери: үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Бул эки арыз Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жогорудагылардын  негизинде, дайынсыз жоголгон жашы жете элек Хасанова Дилноза Адхамжановнаны жана Хашимов Абдурасул Равшановичтин жүргөн  жерин  аныктоо  максатында, коомчулукка кабарлап, эгерде аталган факт боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип  коюуӊуздарды суранабыз.

Байланыш номерлери: 102, 03657 5-04-20, 03622 5-01-24, 0779 81 81 31

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button