Маданият
Элмирбек Иманалиевдин колдонгон буюмдары Тарых музейине өткөрүлдү

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин буюмдары Улуттук тарых музейине өткөрүлдү.
«4 жашында окуган Манас китебин, Чыңгыз Айтматовдон алган чапанын, сыйлыктарын, комузун, негизи эле колдонгон буюмдарын музейге өткөрүп бердим. Жакында коебуз дешти», — деп билдирди Иманалиевдин жубайы.



