Коом
«Тазалык» ишканасы кышкы сезонго даяр

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Шаардагы карды тазалоо иштерине 35 техника тартылмакчы. Булардын ичинде кум чачуучу ЗИЛ, кар тазалоочу машина, жүктөгүч, универсалдуу комбинациялык машина, тракторлор бар. Аны менен катар Жол эксплуатациялык кызматынан 40 жумушчу жана 615 көчө шыпыргыч иштемекчи. Кышкы сезонго 6 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум даярдалган.



