Саясат

Садыр Жапаров жана КМШ мамлекет башчылары музейге барышып, расмий эмес тамактанууга отурушту

 Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду.

Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган Орус музейинин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырып чыгышты.

Сапардын соңунда өлкө лидерлери расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button