Чүйдө каза болгон 6 жаштагы кыздын үй-бүлөсү тууралуу жагдай

Кара-Балта шаарында каза болгон 6 жашар кыздын үй-бүлөсү көп балалуу жана жакыр катары Жайыл районунун эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турат.
«Апасы 41 жашта, Кыргызстандын жараны, үй кожойкеси. Атасы 46 жашта Орусиянын жараны, ал үй-бүлөсүн Орусия Федерациясына көчүрүүнү пландаган, ал жерде иштеген. Азыр ал Кыргызстанда убактылуу үйүндө.
Апасынын айтымында, кыз жакшы тамактанган эмес. Көчөдө жүрүп эле ооруп калган. Ал ооруканага жеткирилип, кыз ошол жерден каза болгон. Жалпысынан үй-бүлөдө каза болгон кызды кошкондо алты бала болгон. Улуу кызы 18 жашта, эки эркек бала 14 жашта (бирөөсү бала кезинен майып), 10 жана 2 жаштагы кыздары дагы бар. 2012-жылы үч жашында каза болгон дагы бир кызы бар болчу. 14 жаштагы майып баланы Беловодское айылына кыздарынын улуусу алып кеткен», — деп маалымдашкан.
Декабрь айында үй-бүлө аз камсыз болгондуктан, мамлекеттик материалдык резервден көмүр жана 50 килограмм ун сатып алуу үчүн мэриядан 5 миң сом алган. Ата-энелерге да балдарга керектүү нерселерди алып берүүнү сунушташкан, бирок апасы баш тарткан.



