Журналист Махабат Тажибек кызы камактан бошотулду

Бишкектин Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызы боюнча бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камактан бошотту.
Процесстин катышуучулары билдиргендей, сот жактоочунун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Ал эми калган бөлүгүндө, анын ичинде кылмыш ишин токтотуу боюнча талаптар четке кагылды.
Эске салсак, Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын январында Temirov Live редакциясынын он кызматкери менен бирге кармалган. Аларга массалык баш аламандыкка чакырык жасаган деген айып тагылган.
2025-жылдын 25-февралында Жогорку сот Кыргызстана үч журналисттин арызын карап чыгып, мурунку чечимди күчүндө калтырган:
Махабат Тажибек кызы — 6 жылга эркинен ажыратылган
Азамат Ишенбеков — 5 жылга соттолгон
Айке Бейшекеева — күнөөлүү деп табылып, 3 жыл пробация берилген.
Ал эми Бишкек шаардык соту Актилек Капаровго 3 жыл пробация дайындаган, ал бул чечимге даттанган эмес. Калган жети айыпталуучу кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу акталган.
2025-жылдын 10-мартында Жогорку сот Кыргызстана Махабат Тажибек кызынын ишин кайра кароого жөнөткөн.


