ИИМдин аскери кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирде чемпион болду

Үстүбүздөгү жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналган “Мен мекенчилмин” аттуу аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.
Аталган турнирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы жана чет мамлекеттерден келген спортчулар катышты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы командалык эсепте 1-орунду ээледи.
Ал эми, жеке жетишкендиктер боюнча:
-60 кг салмагында капитан Авазбек Аманбеков чемпион болду;
-70 кг салмагында ефрейтор Ынтымак Каныбеков күмүш медалды багындырды;
-75 кг салмагында кенже сержант Диас Саматов күмүш медалдын ээси болду;
-90 кг салмагында кенже сержант Сыймык Көчкөнбаев чемпион болду;
-90 кг салмагында катардагы жоокер Адис Таалайбек уулу күмүш медалдын ээси болду;
-90+ кг салмагында кенже сержант Жакшылык Өмүрбек уулу күмүш медалдын ээси болду.



