Коом
ОшМУнун студенти, индиялык жигит 6-кабаттан кулап, көз жумду

5-майда саат 16:00 чамасында Индиядан келген 2001-жылы туулган ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун студенти өзү жашаган Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, каза болду.
Окуя болгон учурда ал үйдө бирге жашашкан жана үйүнө келген бир нече мекендеш коноктору болгон. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери башталды, тиешелүү экспертизалар дайындалды.



