Испанияда 90 жаштагы аял каза болгондон кийин күтүүсүздөн тирилип кетти

Улгайган аял каза болгондон 19 сааттан кийин күтүүсүздөн тирилип кетти. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазып чыкты.
Испаниялык 90 жаштагы аял Сарагосадагы San Juan de Dios ооруканасында 18-сентябрда кечинде жүрөгү кармап, каза тапкан. Аялдын үй-бүлөсүнө кабар берилип, ал ошол эле күнү Tanatorio de Torrero ритуалдык агенттигине жеткирилген. Бирок, эртеси эртең менен кызматкер аялдын дем алып жатканын байкаган. Күтүлбөгөн жерден тирүү калган пенсионер кайра ооруканага жеткирилип, бирок ооруканага жаткырылгандан кийин кайра каза болуп калган.
Натыйжада испаниялык аялдын үй-бүлөсү аны 19 сааттын ичинде эки жолу жоготкон. Туугандары 20-сентябрда боло турган коштошуу аземин кийинкиге жылдырууга аргасыз болушкан.
Оорукана мындай окуялар болуп тураарын билдирген. Дарыгерлер окуянын себебин жүрөктүн спазмы деп атап, бул оорулуу кыска убакытка тирүү болуп көрүнүшү мүмкүн, «бирок чындыгында бейтап тирилбей» турганы менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле дарыгерлер медициналык протоколдорду кынтыксыз аткарылганын белгилешкен.
Учурда милиция дарыгерлер менен медайымдардын медициналык шалаакылыгы болгон-болбогонун аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бирок, тартип сакчыларынын айтымында, бул мүмкүн эмес.



